Казакстанда сутка ичинде 161 жарандан коронавирус илдети аныкталып, муну менен ооругандардын жалпы саны 5 миң 850гө жетти. Анын ичинен 2 миң 707 бейтап илдеттен арылса, 34 жаран каза болду.
Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн Улуттук гвардиясынын 20 аскеринен коронавирус аныкталды. Аскер кызматкерлери бир мекемеде жашашкан. Учурда алар менен байланышта болгондордун баары карантинге алынган.