Жарандык авиация агенттиги ички авиакаттамдар кандай тартипте учары тууралуу маалымат берди

Бүгүн, 4-июнда Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акишев онлайн маалымат жыйын берди.

Анда 5-июндан баштап ички авиакаттамдарды ачуу боюнча өкмөттүн буйругу чыкканы айтылды.

"Ал чечимге ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлиги, өкмөт жана биздин агенттиктин өкүлдөрү менен биргеликте жыйналыш өткөрүп, бардык кадамдар такталды, пландар түзүлдү.

Каттамды ата мекендик "Тез жет" авиакомпаниясы ишке ашырат. Негизи авиакаттамдар 5-июнда каттамга чыгат деп айтылган. Бирок авиакомпаниянын мүмкүнчүлүгүнө жараша 5-июнда учак коюлат дагы, билеттердин сатылышына жараша 7-8-июндарда каттам ачылышы күтүлүүдө. "Манас", "Ош", "Тамчы" аба майдандарынын кызматкерлери берилген алгоритмге ылайык иш жүргүзүп даярданышты. 5-июнга карата бардык аэропорттор даяр.

Каттамдар адегенде эки күндө бир ирет, анан күнүнө бир жолу ишке ашса, кийинчерээк бир күндө төрт ирет учуп турат деп пландап жатабыз. Албетте, ар бир каттамдын алдында жүргүнчүлөр медициналык кароодон өткөрүлөт", - деди Акишев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан