"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандар 32 миллионго жетти

Бүгүн, 25-сентябрга карата дүйнөдөгү статистикага ылайык, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 32 миллион 96 миң 90 болду. Анын ичинен 22 миллион 149 миң 441 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 980 миң 339 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 975 миң 980 адамдан коронавирус аныкталды. 202 миң 738 адам каза болсо, 2 миллион 710 миң 183 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 5 миллион 732 миң 518 адамдан аныкталды. 91 миң 149 адам каза болсо, 4 миллион 674 миң 987 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 4 миллион 657 миң 702 адам вируска кабылган. 139 миң 808 бейтап көз жумса, 4 миллион 102 миң 954 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан