Коңшу Өзбекстанда коомдук транспортторго бет капсыз кирүүгө тыюу салынды. Мындай чечим атайын комиссия тарабынан саламаттыкты сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын сунушу менен кабыл алынды.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, жарандардагы жоопкерчиликти жогорулатуу максатында үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин, коомдук транспорттун акыркы аялдамаларында дезинфекциялык иштерди жүргүзүү пландалууда.
"Ошондой эле санаторийлер, пансионаттар, балдар лагерлери жана башка мекемелер кардарларды кабыл алууда, акыркы 72 саат ичинде тапшырылган тесттин жыйынтыгын талап кылуусу шарт.
Акыркы учурда Өзбекстанда ооругандардын саны салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн. Буга байланыштуу өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 50 жаштан жогору жана университеттин мугалимдерине акысыз жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.