Президент Сооронбай Жээнбековдун коронавирус инфекциясына карата кайрадан тапшырган анализи таза чыкты

Президент Сооронбай Жээнбековдун коронавирус инфекциясына карата кайрадан тапшырган анализи таза чыкты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин мамлекет башчысынын Москвадан келе жатканда жана Бишкекке кайтып келгенде тапшырган анализдери да таза чыккан.

Бул күндөрү Сооронбай Жээнбеков байланыштарды азайтуу максатында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында алыстан иштөөнү улантып жатат.

Эртең, 30-июнда мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Анда өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, өкмөт мүчөлөрү мамлекет башчысынын катышуусунда ант беришет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sinej
2020-06-29 16:12:40
Ушул Сокени короюн деген козум жок. Кет.
+4
asash
2020-06-29 17:04:02
Урматтуу президент,сиздин ден соолугунуз чын болсун, оорубаныз, олкодо болуп жаткан масалелерге ойунузду айтып турсаныз, дыыыым болуп кетпей,чек ара, чет жактагы жарандардын койгойлору, коррупция,сот системасы,мунапыс сурагандарга, Кыргызстанда иштеп жаткан чет элдик тоо кен ондургон ишканалар бойунча кичине болсо да ооз ачып турсаныз, талкан жутуп алгандай олтура бербей,сиз багытты корсотуп, же билген адамдарды кенешчи кылып алышыныз керек да,багыт корсотуп бергени,сизден умут чон болчу!
+4
nurali1989
2020-06-29 17:18:04
Ушул текшерилип жаткан тесттер да кумон жаратат. Туура чыгарбайт окшойт. Болбосо кечеги парадта президентибиз да катышмак, так туура текшеришкенде.
+1
nazarmat92
2020-06-29 18:04:33
Муну Путин кабыл албай койгон сыяктуу,жон эле коронавируска шылтап жатат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан