Бала бакчада иштеген 3 кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары бүгүнкү брифингде билдирди.
"Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу менен бирге, жумушка тартылган кызматкерлердин арасында массалык түрдө скрининг жүргүзүү чечими кабыл алынган. Анын жыйынтыгында 3 кызматкерде COVID-19 вирусу тастыкталган. Учурда бул иш уланып, дагы жумушка чыга турган 2 миң 500 адис изилдөөдөн өтөт. Алардын анализдери терс чыккан тапта гана иштөөгө уруксат берилет", - деди Үсөнбаев.