Япониянын социалдык тармактарында “Кытайдан келген даарат кагаздары жана кагаз майлыктар түгөнүп жатат, жаңысы кайра келбейт” деген маалымат тарап, буга байланыштуу колдонуучулар арасында чуу жаралган. Бул нерсени жашоочулар чоң көйгөйгө айлантып жибергендиктен, Япониянын өкмөтү киришкенге туура келген деп жазышат чет элдик маалымат булактары.
Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ бүгүн, 3-мартта өткөн маалымат жыйынында буга карата комментарий берүүгө аргасыз болгон. “Социалдык тармактарда жалган маалыматтар тарап жатат. Чууга алдырып товарларды дүңүнөн сатып алуунун кажети жок. Өлкөдө жетиштүү запас бар”, - деген Синдзо Абэ. Мындан тышкары ал ишкерлерге медициналык бет каптарды жана башка гигиеналык каражаттарды өндүрүүгө жардам берилип жатканын айткан.
Маалым болгондой, Япониянын 127 миллиондон ашык калкына жыл сайын 1 миллиондон ашык даарат кагаздары өндүрүлөт.