Жалпы 564. Облустар боюнча стационарларда канча бейтап дарыланып жатат? (статистика)

8-июнга карата өлкөдөгү стационарларда 564 бейтап коронавируска каршы дарыланууда. Анын ичинен 3 бейтап оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы 2 миң 127 адам обсервацияда калууда.

Бул күнгө карата аймактардагы стационарлардагы статистика кандай болуп жатканына кызыгып көрдүк. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтындагы күн сайын жаңыланып туруучу картасынан алынды.

Бишкек жана Чүйдө жалпысынан 949 жарандан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 616 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы 10 жаран (Бишкекте 8, Чүйдө 2) каза болду. Калган 323 бейтап дарыланып жатат.

Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 466. Анын 196сы облустагы стационарларга жаткырылып, бүгүнкү күндө 162 бейтап айыкты. Дагы үчөө каза болду. Учурда 31 бейтап (Араван аймактык ооруканасында 5, Алай аймактык ооруканасында 1, Кара-Кулжа аймактык ооруканасында 1, Ноокат аймактык ооруканасында 10, Кара-Суудагы аймактык ооруканада 9, Өзгөндөгү аймактык ооруканада 5) стационарларда калууда.

Ош шаарында 270. Анын 190 бейтабы илдеттен арылса, алтоо каза болду. Стационарларда 74 бейтап дарыланууда (Ош шаардык клиникалык ооруканасында 43, Ош облустук ооруканасында 31).

Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 168. Бүгүнкү күндө анын 159 бейтабы айыгып, 9 бейтап стационарларда калууда (Аксыдагы аймактык ооруканада 1, Жалал-Абад облустук ооруканасында 8).

Нарында жалпы 399. Анын ичинен 277 жаран сакайып, төртөө каза болду. 118 бейтап дарылануусун улантып жатат (Нарын облустук ооруканасында 91, Нарындагы үй-бүлөлүк медициналык жайында 2, Ак-Талаа аймактык ооруканасында 2, Ат-Башы аймактык ооруканасында 5, Кочкор аймактык ооруканасында 18).

Баткен облусунда жалпы 32. Анын 27 бейтабы айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 4 жаран Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында, бирөө Кадамжай аймактык ооруканасында калууда.

Ысык-Көлдө жалпы 18. Анын 14 бейтабы айыгып, төртөө облустук ооруканасында жатат. Белгилей кетсек, 27-апрелден 11-майга чейин аталган облуста ооругандар катталган эмес. Ага чейин катталган 10 бейтаптын бардыгы 6-майга карата айыгып, медициналык жайдан чыгарылган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлгөн эмес. Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан