Бакыт Молдожанов аттуу Фейсбук социалдык баракчасынын колдонуучусу Москванын коомдук жайларында кыргыз тилинде жарыялар илинип баштаганын айтып, тартып алган сүрөтүн жүктөгөн.
"Чынында эле Москва Кыргыз өлкөсүнүн борборуна айланып жатат окшойт. Эмесе, Москва метрополитенинде, МакДональдста жана башка коомдук жайларда жарыялар орус, англис тили менен катар кыргыз тилинде да илинип жатканын кандай түшүнсө болот?", - деп жазган колдонуучу.