32 жашында пневмониядан каза болгон Ош шаардык жол кыймылынын кызматкеринин үй-бүлөсүнөн мэр кабар алды

Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын пневмониядан каза болгон 32 жаштагы кызматкери Чыңгызбек Оморовдун үй-бүлөсүнөн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кабар алды.

Анда мэр Таалайбек Сарыбашов менен Ош ШИИБинин башчысы Мурат Боронов Чыңгызбек Оморовдун үй-бүлөсүнөн кабар алып, жакындарына көңүл айтышты.

Маркумдун элесине багышталып куран окулду. Чыңгызбек Оморов ИИМдин жол кыймылынынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын Ош шаары боюнча бөлүмүндө взвод командири, милициянын ага лейтенанты болгон.

Артында 2 кыз, 1 уулу калды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан