"Ухан вирусу": АКШда инфекцияны жуктургандардын саны 2 миллионго чукулдады

9-июнга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 7 миллион 85 миң 894кө өстү. Алардын арасынан 3 миллион 180 миң 479 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 405 миң 168 адам көз жумду.

Коронавирус эң көп жайылган АКШда 1 миллион 956 миң 527 адам аталган илдет менен катталды. Арасынан 506 миң 367 адам сакайып, 110 миң 932 бейтап каза болду.

Экинчи орунду ээлеген Бразилияда вирус менен ооругандардын жалпы саны 691 миң 758ге жеткен. Андан 283 миң 952 адам ооруканадан айыгып чыкса, тилекке каршы 36 миң 455 адам каза болду.

Орусияда 476 миң 43 адам коронавирус илдетин жуктуруп алды. Арасынан айыгып чыккандар - 230 миң 226, көз жумгандар - 5 миң 963.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан