Бүгүн, 27-июнга карата өлкөдө коронавирус илдетинен дагы 50 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Маалыматка ылайык, суткада оорудан айыккандардын ичинен:
Бишкек шаары – 26;
Чүй облусу – 5;
Ош шаары – 3;
Ош облусу – 7;
Нарын облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 3.
Муну менен өлкөгө аталган инфекция келгенден бери андан 2212 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылды.