Бишкекте маршруттук такси жана автобустар 30 пайызга кыскарат

"Бүгүн, 20-мартта Бишкек шаарынын айрым райондорунда коомдук транспорттор каттабай, жумушка өз убагында жете албай калдык" деп "Элдик кабар" бөлүмүнө нааразы болгон окурмандар билдиришкен. Ал эми аталган маселеге байланыштуу шаар тургундарынан сурамжылоо кылганыбызда, алар каттамдар учуру менен эле келип жатканын билдирип жатышты.

"Мен Арча-Бешик жаңы конушунда жашайм. Негизи шаарга чанда чыккандыктан, бул маселе жеке мага байкалган жок. Бирок конушубузга автобус каттатып койсо, сонун болот эле. Кичи автобустарда бала менен жүрүү ыңгайсыз", - деп билдирди конуш жашоочусу.

Маселе боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Нурлан Атыканов төмөнкүлөрдү айтып берди. Мекеме өкүлүнүн айтуусунда, элдер вирустан коргонуу максатында коомдук транспортко түшпөй жаткан учурлар дагы болуп жатат.

"Бизге белгилүү болгондой, аты жаман вирус баарын дүрбөтүп жатат. Буга байланыштуу элди ташыган коомдук транспорттор дагы колдон келишинче тейлөө жүргүзүшүүдө. Ооба, кээ бир жарандар бизге дагы маршруттук каттамдар каттабай жатканын айткан кайрылуулар болууда.

Бүгүнкү күндө өкмөттүн буйругу менен окуу мекемелери жабылгандыктан, абал бир топ эле шаардагы жүргүнчүлөрдүн санын азайтты. Азыр каттамдардын санын 20-30 пайызга азайтуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул вирустун алдын алуу үчүн коомдук унаага такыр чыкпай койгон жарандар дагы болууда. Вируска байланыштуу кырдаал жүргүнчүлөрдү азайтып жатат", - деп билдирди Нурлан Атыканов.

Бишкекте маршруттук такси жана автобустар 30 пайызга кыскарат
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан