Бүгүн, 16-июнга саат 10:00гө карата алынган эпидемиологиялык абал боюнча министрликтин маалымат жыйыны өттү. Анда бүгүнкү күнгө алынган маалыматтар менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев тааныштырды.
Сутка ичинде 100 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 9у сырттан келгендер, 53ү оорулуулар менен байланышта болгондор, калган бейтаптардын илдетти жуктуруп алуу булагы белгисиз. Ал эми бул күнгө карата 34 жаран коронавирустан айыкты делинип, стационарлардан чыгарылды. Дагы бир бейтап каза болду.