ДССУ бир жуманын ичинде дүйнөдө коронавирус жуктургандар 15 пайызга азайганын жарыялады

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча өткөн жумада коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 15 пайызга азайганын белгиледи. Бул тууралуу уюмга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, өткөн жумада 3 миллиондон ашык жаңы учурлар катталса, 73 миңден ашуун өлүм катталган. Бул андан мурунку жумага салыштырмалуу 15 жана 8 пайызга аз.

"Өткөн жумада Европа жана Түштүк-Чыгыш Азияда вирусту жуктургандардын саны кескин азайган. Ал эми Африкада тескерисинче көбөйгөн", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан