Токиодо аба ырайы өтө ысык болуп, анын айынан 70тен ашык адам ооруканага жаткырылды. Бет капты да тагынып жүрүү абалды оорлотуп жатат

Япониянын борбору Токио шаарында күндүн аптаптуу ысыгынан жабыркаган 72 адам ооруканага жаткырылды. Бул жөнүндө чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылгандай, дүйшөмбү күнү Токиодогу ооруканаларга аптаптуу күндүн ысыгынан жабыркаган жалпы 72 жаран кайрылган. Алардын жаш курагы 10 жаштан 92 жашка чейинкилер. Бирок көпчүлүгү 70-90 жаш аралыгындагы улгайган жарандар.

Токиодо кечээ, 15-июнга карата абанын орточо температурасы 32 градустан жогору болгон. Мындай учурда коронавирустун айынан имараттарда, көчөлөрдө бет капчан жүргөн тургундардын абалы оорлошуп жатат.

Адистер кондиционер колдонуу менен сууну көп ичүүнү жана бет капты тагынбоону сунушташууда. Ошону менен бирге аралыкты сактоону эскертишүүдө деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан