АКШда коронавирустун экинчи толкуну кышында болушу мүмкүн

АКШда дүйнө элинин үшүн алган коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну кыш айларында болушу мүмкүн. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун жетекчиси Роберт Редфилд айтканын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

ышында биздин өлкөгө вирустук чабуул болушу мүмкүн. Күтүлүп жаткан бул оорунун экинчи толкуну азыркы биз күрөшүп жаткан коронавирустан да күчтүү болору күтүлүүдө", - деген Редфилд.

Бул инфекциянын экинчи толкунунун күчтүү болушунун себеби оору кышкы сасык тумоо башталган убакытка туура келет.

Маалыматка ылайык, АКШ коронавирус жуктургандардын ичинен дүйнө жүзү боюнча сап башында турат. Бул өлкөдө 824 миң 889 адам коронавирус жуктурган. 45 миң 42 адам каза болсо, 75 миң 538 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Merch
2020-04-22 12:32:36
Экинчи толкуну болот деп эмнеге таянып айтып жатышат?, мен ушуну түшүнбөй койдум. Өткөндө кытайлар дагы айтып жатышты эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан