Пекинде коомдук транспорттун иши чектөөгө алынды

Пекинде коомдук транспорттун жүрүшүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу кытайлык басылмалар жазышууда.

"Шаарда вирустун кайрадан күч алышына байланыштуу жергиликтүү бийлик кээ бир санитардык нормаларды кайрадан киргизүүгө мажбур болгон. Ага ылайык, такси кызматын колдонууну каалагандар шаардын чегинен чыкпаш керек деген талап коюлган. Мындай эреже коомдук унааларга карата дагы колдонулат. Ал эми аймактар аралык унаалардын каттамын азайтуу каралууда. Буга байланыштуу жекшемби күнү Пекин шаарында 6 ири дүң-соода базары жабылган"
, - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, 16-июнга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 8 миллион 112 миң 577 адамды түздү. Анын ичинен 439 миң 50 адам көз жумган. 4 миллион 213 миң 182 бейтап коронавирустан айыкты. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирустун экинчи толкунуна даярдыктарды көрүү керектиги тууралуу эскертип келет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Krai
2020-06-16 21:18:43
Өлдү го бул жагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан