Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Ал эми бир суткада стационардан – 1, үй карантининен - 5 медкызматкер чыгарылган.
Республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдети менен медицина тармагынын 4 миң 150 кызматкери жабыркаса, алардын ичинен 4 миң 40 кызматкер сакайды.