Кытайда сутка ичинде 12 адамдан коронавирус аныкталды

Коңшу Кытайда акыркы бир сутка ичинде 12 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын 9у жергиликтүүлөр болсо, 3өө сырттан келгендер. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Улуттук саламаттыкты сактоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясы аныкталган 9 жергиликтү адамдын 7өө Пекин шаарында катталса, калган 2 жаран Хэбэй провинциясында катталган. Ал эми сутка ичинде инфекциядан каза болгондор катталган эмес.

Бул көрсөткүч менен Кытайда жалпы 84 миң 652 адамдан коронавирус аныкталды. 4 миң 639 адам каза болсо, 79 миң 555 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан