Бүгүн, 17-июнда Пакистандан өлкөгө 100 Кыргыз жараны кайтып келет. Маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Пакистандагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Көптөн бери күтүлүп жаткан пакистандык авиакомпаниянын жардамы менен элчиликке кайрылган 100 адамга Исламабад-Бишкек багыты боюнча аба каттамы уюштурулду. Учуп кеткен жарандардын арасында кыз-келиндер, балдар, окуучулар, улгайган жарандар жана башка мекендештерибиз бар", - деп айтылат билдирүүдө.
19-июнда дагы 100 Кыргыз жаранынын мекенге кайтуусу үчүн Лахор-Бишкек маршруту боюнча каттам уюштурулуп жатканын кошумчалашты мекемеден.