Белгилүү актриса Эмилия Кларк күйөрмандарын онлайн жолугушууга чакырды

Актриса Эмилия Кларк өзүнүн "SameYou" фондуна өзгөчө жол менен акча чогултууну чечти. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына 12 күйөрманы менен онлайн түшкү тамактанууга даяр экендигин билдирди.

"Мени менен онлайн түрдө түшкү тамактанууга кандай карайсыздар? 12 бактылуу адам мага видео байланыш аркылуу кошула алат. Биз биргеликте тамак даярдап, анан түшкү тамактанууга отурабыз. Ал учурда дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды, карантин учурундагы сиздин абалыңыз жана менин тамак жасай албаганым тууралуу сүйлөшөбүз", - деп Кларк өзүнүн 27 миллион катталуучусуна кайрылган.

Ошондой эле актриса видеонун алдына билдирүү калтырган, анда актриса өзүнүн күйөрмандарын ага кайрымдуулук үчүн 250 миң фунт стерлинг чогултууга жардам берүүсүн суранган.

"Бул учурда бейтаптарга аларды карап дарылап жаткан дарыгерлерге колдоо көрсөтүү үчүн жардам көргөзүүңүздөрдү өтүнөм. Азыркы кырдаалда бул кыйын, бирок сиздер кайрымдуу адамсыздар ошон үчүн мен сиздерге ишенем", - деп жазган актриса.

Эмилия Кларк "SameYou" фондун өзү инсультка кабылгандан кийин 2019-жылдын март айында түзгөн. Уюм дал ушул оорудан жабыркаган адамдарга жардам берип, азыркы тапта фонд өз багытын өзгөртүп коронавирус менен жабыркагандарга жардам берүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан