Түнкү стационардагылар эс-учун жоготкон абалдагы кызды кабыл албай койгондогу видео боюнча мэриянын жообу

Бишкек шаарында эс-учун жоготкон кызды көтөрүп келген жаран түнкү стационарлардын бирине кире албай тургандагы видео жарыяланды. Окуя социалдык тармактарга чыкты.

Видеодо көрүнгөндөй, эркек киши кызды көтөргөн бойдон стационардын эшигинин алдында турат. Ичиндегилер бейтапты кабыл алуу үчүн даярдык жок экенин билдиришкен. Окуянын күбөлөрүнүн бири "эч нерсе даяр эмес болсо, эмнеге стационар ачып жатасыңар?" деп айтып жатканын угууга болот.

Видеонун алдында жазылган маалыматка караганда, окуя кечээ болжол менен 20:45те орун алган. Анда стационардын ачылышына 15 мүнөт калганда ушундай окуя болгону жазылган.

Окуя тууралуу шаардык мэриядан төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Түн ичинде стационарда 161 адам кабыл алынды. Аталган окуя кечки саат 20:30 чамасында болгон. Ал учурда стационар катары колдонууга берген "Консул" ресторанынын ээси гана болгон. Ал эми дарыгерлер башка мейманканада нөөмөтүнүн алдында тамактанып жатышкан. Алар стационарга саат 20:50дө келишти. Жеке коргонуучу кийимдерин кийип 21:00дө ишке киришти. Саат 20:45те ал жерде эч кандай окуя жана даттануулар болгон эмес", - деп билдиришти мэриядан.

Түнкү стационардын алдында эс учун жоготкон кызды көтөрүп кире албай турган жарандын видеосу жарыяланды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Raihan0602
2020-07-15 11:19:01
Ии айланайындар кандай шумдук ушундай абалда жардам беришпеген эине деген адамбыз кийинки тагдыры кандай болду аманбы деги жазып койгулачы.Жүрөк ооруйт.
+5
zhanka1234
2020-07-15 11:41:52
Чын айтканда, биз да стационар даярдап баштаганда эле адамдар келе баштаган, врач жок деп тушундуруп кетирип аттык, кудай сактап, оор абалдагылар келген эмес. Буларды деле бир чети тушунсо болот, себеби врач жок кабыл ала алышпайт болчу!
+4
kyrgyzka7
2020-07-15 12:12:17
zhanka1234,анда бут жакты даярдап алып анан айтыш керек экен да!Эл деген эл да ,бири тушунсо 2си тушунбойт
+2
zhanka1234
2020-07-15 13:45:19
kyrgyzka7,ооба, туура. Биз эч нерсе айткан жокпуз, маалымат булактар эле таркатып жатышат, ачылгангат, ачылды деп!!!
+1
aza84
2020-07-15 11:43:31
Сороновирус менен Бороновирус кетпегенче ушинтип кырылып калабызго
+5
-BOSS-
2020-07-15 12:52:05
aza84, бийлик сактангыла деп марттан бери айтып келе жатат, бирок адамдар өздөрүнө өздөрү кылып жатышат, маска тагынбай, той аштарды өткөрүшүп. Короче бийликте дагы элде дагы күнөө!
0
katerina.li
2020-07-15 16:34:56
Байкуш кыз Аман эсен и??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан