Бүгүн, 18-июнда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков онлайн маалымат жыйын берди.
Жыйында Жалал-Абад облусундагы эпидемиологиялык абал тууралуу жалпы маалымат берилди.
"Жалал-Абад облусу боюнча 1 миң 304 обсервациялык орун даярдалган. Ал жакта көзөмөлдө жаткан 1 миң 232 бейтап бүгүнкү күндө чыгарылды. Дагы 86 адам медициналык байкоодо жатат. Жалпы облус боюнча 101 адистен турган 32 мобилдүү топ толук кандуу иш алып барууда. Буга чейин облус боюнча 8 миң 893 ПЦР-анализ алынса, 9 миң 91 экспресс-тест жүргүзүлдү. 18-июнга карата Жалал-Абадда жалпы 195 жарандан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 2 жаран каза болду", - деди Ызабеков.