BMW компаниясы 6 миң жумушчу орун кыскартыларын билдирди

Германиялык автоунаа чыгаруучу "Bayerische Motoren Werke AG" (BMW) компаниясы 6 миң жумушчу орун кыскартыларын билдирди. Буга коронавирус пандемиясынан улам жаралган кырдаал себеп болгондугу айтылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматта кызматкерлерди иштен кетирүүдөн сырткары, кызматкерлерди мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгаруу каралды. Ал эми кызматкерлердин мөөнөтү соңуна келип калган келишимин кайрадан узартуу жана бош орундарга жаңы кызматкерлерди алуу иши токтотулат. Мындан тышкары BMW компаниясы Mercedes-Benz компаниясы менен биргеликте жүрүп жаткан өзүн-өзү башкарган автоунааларды чыгаруу ишин токтотот.

Аталган компанияда дүйнө жүзү боюнча 126 миңге жакын кызматкер иштейт. Пандемияга байланыштуу кыскарып жаткан 6 миң жумуш орду Германияга туура келет. Унааларды сатуу иши акыркы айларда төмөндөп кеткен. Ошондой эле Германияда жаңы унааларды чыгаруу иши дээрлик 50 пайызга кыскарып, Volkswagen, BMW жана Daimler унааларын сатуу эки эсеге азайган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
talaa11
2020-06-20 14:49:35
Авто унаалар дагы арзандаса жакшы болмок
+3
Farra16gsin
2020-06-20 15:15:19
Бмвны просто эчким албай калганда
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан