Кечээ, 18-июнда парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулунан коронавирус инфекциясы аныкталганы кабарланган. Учурда ал Токмок шаарындагы ооруканада дарыланып жатканын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Урматтуу досторум, кечээтен бери жакшы каалоо-тилектериңиздерди аябапсыздар, ыраазылык билдирем. Учурда Токмок шаарындагы ооруканада дарыланып жатам. Түндө "Маша и медведь" мультфильминдегидей "Тез жардам" унаасы менен ушул жакка алып келишкен. Унаа, имараттар эски болгону менен биздин дарыгерлер түз маанисинде эле алтын экен. Демим кысылып баштады эле дароо капельница коюп, абалымды жакшыртышты. Эки медайым, эки дарыгер тынымсыз кароого алууда. Абдан сылык, бетин көрө албайм, бирок үндөрүндө оптимизмдин духу сезилип турат. Доктурларыбыздын талыкпас эмгегин карап туруп эле айыгып кетчүдөйбүз буйруса.