Бүгүн, 29-апрелде Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова жана Талант Сооронбаев маалымат жыйын беришүүдө.
"Дарыгерлердин коронавирус жуктуруп алганы боюнча күнөөлүү адамдарды издебеш керек", - дейт Сооронбаев.
"Польшадан жана Кытайдан келген адистер бардык стандарттар менен таанышып чыкты. Дарылоо системи жакшы деңгээлде экенин айтышты. Бул жаңы вирус. Медицина кызматкерлери бардык зарыл каражаттар менен камсыз болушкан. Дарыгерлер инфекциянын очогунда кооптуу жерде иштеп, ооругандар менен байланышта болгон", - дейт Сооронбаев.
Талант Сооронбаев: "Кыргыз өлкөсүндө коронавирус менен жабыркагандарды дарылоо үчүн атайын систем түзүлгөн. Бардык бейтаптар сөзсүз ооруканага жаткырылат. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Ал дарыгерлер коронавирус аныкталган жарандарга кандай мамиле кылышы керектиги боюнча окутулган", - деди.
10 бейтаптын абалы оор. Анын төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. 52 адамдын абалы салыштырмалуу оор. 222 адамдын абалы канааттандырарлык.
Айнура Акматова 1-майда иш алып бара турган ишканалар санитардык талаптарды аткарышы керектигин айтты. "Ар бир мекемеде кызматкерлердин дене табын текшерип, баш оору, жөтөл, дем алуунун кыйындашы сыяктуу белгилердин бар-жогун сурап, билип турган жоопкерчиликтүү кызматкер дайындалышы керек", - деди ал.
Кыргыз өлкөсү боюнча 1 миң адам обсервацияда жатат. Стационарда – 284, алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 4.
Өткөн суткада 6 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Алар: Бишкек шаарында – 2, Нарын облусунда – 3, Ош облусунда – 1. Жалпы 191 медицина кызматкери коронавирус менен жабыркап жатат.
Айнура Акматованын айтымында, коронавирус жуктуруп алгандардын 56 пайызы 36 жаштан жогоркулар. 15 жашка чейин 94, 16-19 жаш аралыгындагы 20, 20-35 жаш аралыгындагы 204, 36-55 жаш аралыгындагы 253, 56 жаштан жогоркулар 158.
Бир суткада 21 адамдан коронавирус аныкталды.
Бишкек шаары – 13;
Ош облусу - 1;
Нарын облусу - 6;
Баткен облусу - 1;
Жалпы саны 729.
21 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бишкек шаарында – 9, Ош шаарында – 3, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 3, Нарын облусунда - 5.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 437 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.