Сибирь федералдык аймагында окуган 200дөй кыргыз студенттери Кыргыз өкмөтү, Тышкы иштер министрлиги менен Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине кайрылып, аларды мекенге алып кетүүнү суранышты. Бул тууралуу студенттер видео кайрылуу жасашкан.
Алардын айтымында, студенттердин жатаканасында бир гана Кыргыз жарандары калган. Бардыгынын акчалары түгөнүп, карантиндик чектөөлөрдөн улам жакындарынан жардам ала алышпай, чыдамдары кетип турган убагы.
Элчилик Орусиянын аймагында жүргөн студенттерден жана алардын ата-энелеринен коронавирустук пандемияга байланыштуу эл аралык аба каттамдардын токтотулушунан улам түзүлгөн кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, сабырдуу болууга чакырат.
Элчиликтин маалыматы боюнча, окуган 4 миңге жакын кыргыз студенттери бар.
Маалымат үчүн, Орус өкмөтү 15-июлдан тартып аба каттамдарын калыбына келтирүүгө камданып жатат.