Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус эпидемиясынын туу чокусунан өтө элек 30 мамлекетти жарыялап, аталган өлкөлөрдө инфекция тездик менен көбөйүп жатканын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Жок дегенде 30 мамлекетте акыркы эки аптада инфекция жуктургандар тездик менен көбөйүп жатат. Мунун ичинен 11 өлкөдө жана аймактарда инфекциянын тездеши көптөгөн жаңы учурлардын катталышына алып келди. Эгерде бул кырдаалга көңүл бурулбаса, Европада саламаттыкты сактоого дагы коркунуч жаралат", - деген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аймактык директору Ханс Клюге.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму карантиндик чектөөлөрдү алган өлкөлөрдө ооруга чалдыгуунун жаңы өсүшү байкалууда деп эсептейт. Бул тизмеге Европанын 11 өлкөсү жана Борбор Азиядан Кыргыз өлкөсү менен Казакстан кирген.
Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясы 10 миллион 450 миң 628 адамдан аныкталды. 510 миң 632 адам каза болсо, 5 миллион 336 миң 996 бейтап айыгып чыкты.