Бүгүнкү күнгө карата Москва шаарында 2 миңге жакын балдар коронавирустан улам карантинге алынган. Мындай маалыматты Москва шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Анастасия Раковага таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, СOVID-19га кабылган балдардын бала бакчаларга барбай турушун шарттаган атайын алгоритм иштелип чыккан.
"Бул боюнча атайын электрондук механизм иштелип чыкты. Анда медициналык мекемелер бала бакчаларга барбай турушу керек болгон балдар тууралуу маалымат жөнөтүп турушат. Учурда Орусияда бала бакчалар иштеп жатканы менен балдар аянтчалары ачыла элек. Бул боюнча дагы бир орусиялык дарыгер Владимир Зайцев Москва шаарында балдар ойноочу аянтчалар эң акыркылардан болуп ачыларын билдирген. Дарыгер аянтчаларда темирден, желимден жана жыгачтан жасалган шаймандар көп экенин белгилеп, темирдин үстүндө коронавирус инфекциясы 2 күн, жыгачтын үстүндө 4 күн, ал эми желимдин үстүндө 5 күн сакталарын эскерткен. Мындан тышкары кичинекей балдар бет капты көп убакыт тагына албай турганын кошумчалаган", - деп жазылат маалыматта.