Коңшу Өзбекстанда акыркы бир сутка ичинде 579 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандыгы аныкталды. Муну менен аталган өлкөдө илдет аныкталгандардын жалпы саны 20 миң 531ге жетти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бир суткада 579 адам COVID-19 илдетине кабылса, 633 бейтап оорудан сакайган.
Коронавирус илдети башталгандан бери Өзбекстанда 11 миң 105 бейтап сакайган. Тилекке каршы 116 адам оорудан каза болгон.
Өзбекстанда коронавирус инфекциясы алгачкы жолу 15-мартта катталган.