Европа биримдиги сырткы чек арасын 50дөй өлкөгө ачат. Алардын катарында Кытай бар, бирок Орусия менен АКШ жок

Европа биримдиги сырткы чек арасын 50дөй өлкөгө ачат. Аталган союз 1-июлдан тарта чек арасын ача турган өлкөлөрдүн тизмесине Орусия, АКШ жана Бразилия мамлекеттерин кошкон эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Европа биримдиги өлкөлөрдүн “ак тизмесин” эки вариантта иштеп чыгышкан. Биринчисине 47 өлкө кирет. Аларда COVID-19 көрсөткүчү Европа биримдигинин орточо деңгээлинен төмөн (акыркы эки аптада 100 миң кишиге 16 жаңы учур туура келүү) болгондор кирет. Тизменин экинчи вариантында 54 өлкө, мында Европа биримдигинин орточо көрсөткүчүнөн бир аз жогору (акыркы эки аптада 100 миң кишиге 20 учурга чейин) болгондор. Жогоруда айткандай, Орусия, АКШ жана Бразилия эки жакта тең жок (керек болсо Кытай, Куба жана Уганда мамлекеттери бар). Ушул эле көрсөткүч соңку эки аптада Бразилияда 100 миң адамга 190, АКШда 107, Орусияда 80 кишини түзүп жатат. Тизменин акыркы версиясы кийинки аптада жарыяланары жана ал ар эки жумада жаңыланып турары айтылууда.

Европа биримдиги тышкы чек арасын март айында коронавирус инфекциясына байланыштуу жапкан. Бул биримдикке Европа чөлкөмүндөгү 27 мамлекет кирет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZUXRIDDIN20
2020-06-25 13:29:40
КМШ өлкөлөрүда ачкыла таможныйларды
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан