Ошко Новосибирсктен 154 Кыргыз жараны кайтып келди, алардын ичинде 3 дарыгер бар

"Ош" эл аралык аэропортуна 8-августта "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын Новосибирск–Ош багыты боюнча чартердик каттамы учуп келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Каттам менен мекенине Орусиядан 154 Кыргыз жараны кайтып келди. Анын ичинде жаш балдар да бар. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон Кыргыз жарандарынын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн. Ага кош бойлуу жана жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар жана операция жасаткандар ошондой эле Сибирде окуган студенттер киргизилген. Бул каттам менен кыргыз өлкөсүнүн жарандары Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк-Сахалинск, Хабаровск, Владивосток, Чита, Якутск, ошондой эле Сибир Федералдык Округунун башка шаарларынан келишти.

Бул каттамда Кыргыз өлкөсүнө алар менен бирге 3 дарыгер мекендешибиз кайтып келди. Алар коронавирус инфекциясы жана пневмониядан жабыркагандардын өмүрү менен ден соолугу үчүн кесиптештерине жардам беришмекчи.

Андан сырткары аталган борт менен Новосибирсктеги мекендештер тарабынан даярдалган 800 миң рубль өлчөмдөгү медициналык препараттардан турган гуманитардык жардам келди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан