Орусияда акыркы бир сутка ичинде 7 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды

Орусиянын 82 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 7 миң 113 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 92 адам каза болсо, 6 миң 342 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 885;

Москва облусунда - 467;

Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 319;

Санкт-Петербург шаарында - 221 адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 613 миң 994 адамдан коронавирус аныкталды. 8 миң 605 адам каза болсо, 375 миң 164 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан