Түштүк Кореяда бир суткада коронавирус жуктургандардын саны 79га көбөйдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
79 адамдын 68и өлкөнүн борбор бөлүгүндө жашаган жергиликтүү тургундардан катталган. Ал эми 11 адам сырттан жуктуруп келгендер болгон.
Белгилей кетсек, акыркы учурда Түштүк Кореяда коронавирус инфекциясы басаңдап калган эле. Бирок түнкү клуб, барлардын ачылышы менен абал кайра өзгөрдү. Мисалы, Сеулдагы Итхэвон районунда көңүл ачуучу жайларга барган 259 адамдан коронавирус табылган.
Учурда Түштүк Кореяда коронавирус жуктургандардын саны 11 миң 344кө жеткен.