Өлкөдө өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал шартында коомдук коопсуздукту камсыз кылган кызматкерлерге кошумча каражат төлөнөт. Ал үчүн Каржы министрлигинен 218 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Ички иштер министрлиги өзгөчө кырдаал учурунда жумушка тартылган кызматкерлерге компенсация төлөө үчүн каражат бөлүү боюнча эсептөөлөрдү тапшырган. 24-июнда өкмөттүн буйругу чыгып, 25-июнда Каржы министрлиги 218 миллион сом бөлүп берди. Каражаттын 209 миллиону Ички иштер министрлигине, калган 9 миллион сому ИИМдин академиясына бөлүнөт", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.