"Мектептерде окуу жылы 30-майда аяктайт, ЖРТ кадимкидей форматта өтөт" дейт министрлик

Мектептерде окуу жылы 30-майда аяктайт. Мындай маалыматты билим берүү жана илим министрлиги таратты.
Анда жалпы билим берүү уюмдары март айында каникулга эрте чыккандыгына, май айындагы майрамдарга байланыштуу жана окуучулар программаны толук түшүнүп өздөштүрүшү үчүн ушундай чечим кабыл алынганы айтылат.
"Төртүнчү чейрек мектептерде аралыктан окутулду. 5-6-7-8-класс жана 10-класстар үчүн быйыл көчүрүү сынактары болбойт. 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик аттестациядан өтүү форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коёт. Ал эми ЖРТ 20-25-июнда мурдагыдай эле форматта өтөт. Азыр ага каттоо жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан