Коңшу Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган 52 жаштагы дарыгер инфаркттан каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коронавирус жуктуруп алган дарыгер 23-июнда Зангятин райондук жугуштуу оорулар ооруканасына, андан соң Эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар илимий изилдөө институтунун клиникасына, курч миокард инфаркты диагнозу менен түшкөн. 26-июнда бейтаптын абалы начарлап, ал жандандыруу бөлүмүнө которулган. Көрсөтүлгөн жардамга карабастан, дарыгер каза болуп калган.
Акыркы маалыматтар боюнча, Өзбекстанда 8 миң 31 адамдан коронавирус аныкталды. 22 адам каза болсо, 5 миң 329 бейтап айыгып чыкты.