Улуу Британияда аныкталган коронавирустун жаңы түрү коңшу Өзбекстанга жетти

Коңшу Өзбекстанда Улуу Британиядан чыккан коронавирус инфекциясынын жаңы түрү катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана саламаттыкты сактоо кызматынын башчысы Баходир Юсупалиевге таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, вирустун жаңы түрү 23-январда үй-бүлө мүчөлөрү менен Дубайдан кайтып келген ташкенттик аялдан табылган. Аэропортто жаранды тестирлөөдө, тест коронавируска оң натыйжа берген. Андан соң бейтап дароо "Тез жардам" кызматы менен жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирилген. Ошол эле күнү, бейтап ооруканада текшерүүдөн өтүп, андан вирустун жаңы түрү аныкталган.

Буга чейин Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Dastanali
2021-01-30 21:04:44
Кыргыз элин Аллах сактасын, келбей эле койсун бизге.
+20
Adi010891
2021-01-30 21:16:25
Кудай сактасын,
+15
Jelezo
2021-01-30 21:35:36
Чет мамлекетке чыкбай турушса болмок.
+12
Raihan0602
2021-01-30 22:21:38
Чек араны жабуу керек срочно
+15
Nuri1988Elim2010
2021-01-30 22:54:25
Оо кудайым өзү сактасын. Чек араларды жабуу керек эми
+11
Arai92
2021-01-31 00:32:20
Кудай сактасын
+7
Zumrudianka
2021-01-31 01:44:43
Аллахым Кыргыз элимди жана дуйно жузун сактасын. Аллахым ооруларды жерден которсун.
+4
defne15
2021-01-31 03:13:32
Бизге бироо эле катталса кайрадан жабылат мектептер деп кайсы Бир сайттан окудум эле.Келбей эле койсо экен
+3
nazira...
2021-01-31 08:11:16
Айланып өзбекстандан нары жоголуп кетсин, бизге жолобосун. Кудайым жаратканынды баардык жамандыктардан сактаа. Балдарыбыздын, неберелерибмздин кундөрүн көрөлү.
+3
KUBA21
2021-01-31 11:04:57
Мурдакы жылы да коронавирус ушундай болгон эле коншу олколордон чыгып кийн КР чыккан
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан