Бүгүн, 3-июлга карата Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптар үчүн стационарларда 311 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Бош орундардын тизмеси:
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы - 1;
№2 клиникалык төрөт үйү - 34;
№1 шаардык клиникалык оорукана - 1;
Улуттук кардиология жана терапия борбору - 3;
Чүй облустук бириккен ооруканасы - 12;
Улуттук госпиталь - 6;
Улуттук госпиталь: урологиялык имарат - 3;
Республикалык наркологиялык борбор - 10;
Курортология жана калыбына келтирүү институту - 58;
Улуттук госпиталь: терапия - 7;
Д.Асанов атындагы Кыргыз Улуттук Аскер Лицейи - 176.