Биз социалдык тармакта

Кызмат акысы 1600 сом. Өлкөдө дагы эки лабораторияга коронавируска анализ алууга уруксат берилди

Өлкөдө дагы эки лаборатория коронавируска анализ ала баштайт. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүн, 1-июлда брифинг учурунда айтты.

"Auqalab" жана "Экспресс" менчик лабораторияларына ПЦР жана ИФА (иммундук-ферменттик анализ) тест алууга уруксат берилди. Анын баасы – 1600 сомду түзөт", - деди Каратаев.

Буга чейин "Бонецкий лабораториясына" коронавируска тест алууга уруксат берилгени, кызмат акысы 2 миң сомдон жогору экени маалымдалган болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан