Индиянын Анхра-Прадеш штатынын 50 жаштагы тургуну өзүн коронавируска кабылдым деп туура эмес ойлоп алып, жанын кыйган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
50 жаштагы фермер Бала Кришна коронавирус оорусу тууралуу акыркы маалыматтардан дайым кабардар болуп турган. Февраль айынын башында ал тумоолоп калган. Өзүн коронавирус жуктуруп алдым деп ойлоп, 5-февралда Тирапути шаарындагы ооруканага барып көрүнгөн. Дарыгерлер анда вирус бар экенин, бирок ал коронавирус эмес экенин эскертишкен. Бала Кришна дарыгерлердин айтканына ишенбей, үйүнө келгенде эч кимди жанына жолотпой, жакын келгендерди таш менен уруп кирген. 9-февраль күнү ал үй-бүлөсүн үйгө камап коюп, апасынын көрүстөнүнө барып, ошол жерден өз жанын кыйган.
Кришнанын жубайы Лакшми Деви кошуналарын чакырып, артынан барганча кеч болуп, күйөөсүнүн жанын сактай алышкан эмес. Ал эми маркумдун уулу Бала Мурали атасынын абалынан чочулап, Мамлекеттик тынымсыз байланыш кызматына чалганда, операторлор атасы Кытайга барбаган болсо, кабатыр болуунун кажети жок деп коюшканын айткан. "Эгер кимдир бирөө убагында реакция кылса, атам аман калмак", - деп кейиген баласы.