Сутка ичинде республика боюнча дагы 526 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Мындай статистикалык маалымат менен бүгүн, 2-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова тааныштырды.
Бишкек шаары – 211;
Чүй облусу - 231;
Ош шаары - 19;
Ош облусу - 6;
Нарын облусу - 3;
Жалал-Абад облусу - 27;
Талас облусу - 1;
Баткен облусу - 18;
Ысык-Көл облусу - 10.
Муну менен өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 6 миң 261ди түздү.
Жаңы катталган 526 адамдын ичинен 7өө сырттан келген, калган 529у тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор.
Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 3 281, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 21 950 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
Стационарда – 735; алардын ичинен оор абалда - 110, жандандыруу бөлүмүндө – 24; үй карантининде дарыланып жаткандар – 2 миң 930.
Буга чейин өлкөдөгү коронавирус боюнча эң жогорку көрсөткүч кечээ, 1-июлда катталган эле. Анда 439 адам илдет жуктуруп алганы аныкталган. Бүгүнкү статистика андан 87 кишиге көптүк кылат.
Белгилей кетсек 30-июндан бери Ош шаарында жана Ош облусунда аз санда гана коронавирус жуктуруп алган бейтаптар катталып жатат. Буга аталган аймакта ПЦР-анализди жүргүзүүгө керектүү каражаттар жок болуп жатканы себеп болууда.