Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 8 миң 915 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 174 адам каза болсо, 12 миң 331 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде инфекция аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 2 миң 830;
Москва облусунда - 817;
Санкт-Петербург шаарында - 363;
Нижегород облусунда - 228 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 362 миң 342 адамдан коронавирус аныкталды. 3 миң 807 адам каза болсо, 131 миң 129 бейтап айыгып чыкты.