Бүгүн, 5-июлга карата дүйнө жүзүн каптаган коронавирус 11 миллион 239 миң 378 адамга жукту. Анын ичинен 6 миллион 44 миң 414 бейтабы ооруну жеңип чыкты. Тилекке каршы, бул оорудан 530 миң 110 адам көз жумду.
Коронавирус эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. Анда 2 миллион 838 миң 678 адам илдетке чалдыккан. Айыккандар - 894 миң 325, каза болгондор - 129 миң 673.
Бразилия 1 миллион 577 миң 4 адам менен экинчи орунда турат. Анда 990 миң 731 бейтабы ооруну жеңсе, 64 миң 265 бейтабы кайтыш болду.
Орусияда 673 миң 564 адамга оору жугуп, тизмеде 3-орунду көрсөттү. Айыккандар - 446 миң 127, каза болгондор - 10 миң 11.
Индияда 648 миң 315 адам бул илдет менен жабыркап, анын 394 миң 227 бейтабы айыккан. Кайтыш болгондор - 18 миң 655.
Ал эми бешинчи орунга 299 миң 80 жараны инфекцияны жуктуруп алган Перу өлкөсү чыкты. Аталган өлкөдө ооруну жеңди делинген жарандар - 189 миң 621, каза болгондор - 10 миң 412.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.