32 өлкөнүн окумуштуулары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан COVID-19га каршы күрөшүүдө сунуштарын карап чыгууну талап кылышты

32 өлкөнүн окумуштуулары Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан коронавируска каршы күрөшүүдө сунуштарын карап чыгууну талап кылышты. Бул жөнүндө чет элдик басылмаларда жазылды.

Анда жазылгандай, 32 өлкөнүн окумуштуулары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан коронавирус менен күрөшүүдө сунуштарды кайрадан карап чыгууну талып кылган ачык кат жолдошкон. Катка 32 өлкөнүн 230дан ашуун окумуштуулары кол коюшкан.

Алардын пикири Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун пикирине каршы келерин, вирус абада узагыраак убакытка сакталарын жана бул адамдарга кошумча коркунуч туудурарын билдиришет. Окумуштуулардын пикири боюнча, вирус мурда ойлогондон бир топ кичине бөлүкчөлөр түрүндө кыймылдай алат деп ишенишет. Демек, ал абада узак убакытка жашап, организмге дем алуу учурунда кирип кетүүгө жөндөмдүү.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун пикири боюнча, вирус абадан горизонталдык багытта тез эле түшөт деп ырасташат, анткени ал жетиштүү деңгээлде чоң жана оор тамчылардан турат.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун техникалык жетекчиси Бенедетта Аллегранзи вирус аба аркылуу жугуу далилдери ынанымсыз экендигин айтат. "Акыркы бир-эки айда биз вирус аба аркылуу жугушу мүмкүн экендигин бир нече жолу айтканбыз, бирок так далилдер менен далилдеген эмес. Бул боюнча дагы талкуулар жүрөт", - деген ал.

Аталган уюмдун сайтында коронавирустан сактануу үчүн зарыл деп эсептелген коомдук сактык чаралары. Аларга:

  • колду самындап жууп же антисептикалык каражаттарды колдонуу;
  • коомдук жайларда 1 метрден кем эмес аралыкты сактоо;
  • мүмкүн болсо көздү, мурунду жана эринди кол менен кармабоо;
  • өздүк гигиенаны сактоо, тактап айтканда жөтөлгөндө, чүчкүргөндө мурунду, оозду кагаз бет аарчы менен жабуу;
  • дене табы көтөрүлгөн учурда, жөтөл пайда болгондо жана дем алуу кыйындаганда медицина кызматкерлерине кайрылуу кирет.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан