Коңшу Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны бир сутка ичинде 306 адамга көбөйүп, жалпы сан 8 миң 31 адамды түздү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка таянып, жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Бүгүн, 29-июнь саат 10:00гө карата коронавирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 8 миң 31 адамды түздү. Акыркы бир сутка ичинде 306 адамдан бул илдет аныкталган, бул өлкөгө вирус келгенден бери эң жогорку көрсөткүч болду. Өлкөдө бул вирустан каза болгондордун саны 22 адамды түзөт. Ал эми оорудан айыккандардын саны 5 миң 329.
Өлкө бийлиги карантиндик чектөөлөрдү 1-августка чейин узарткан. Бардык райондор вирустун таркашына ылайык зоналарга бөлүнгөн. Вирус аз аныкталган аймактарда коомдук тамактануучу жайлар, коомдук транспорт, соода түйүндөрү санитардык талаптарды аткаруу менен иштеп жатышат. Ошондой эле аз кишинин катышуусунда, санитардык эрежелерге ылайык үйлөнүү той жана башка үй-бүлөлүк мааракелерди өткөрүүгө жана үйдүн айланасында сейилдөөгө уруксат берилген.