"Дарыгерлер 24 саат бою иштеп жатып, тамак-аш менен да өздөрүн өзү камсыз кылбашы керек" деди Жээнбеков

"Дарыгерлер 24 саат бою иштеп жатып, тамак-аш менен да өздөрүн өзү камсыз кылбашы керек". Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылардын координациясын күчөтүү керектигин белгилеп, дарыгерлерди тамак-аш менен камсыз кылуу маселесине токтолду.
«Дарыгерлер 24 саат бою иштеп жатып, тамак-аш менен да өздөрүн өзү камсыз кылып жатканына жол берилбеши керек. Мындай чаржайытка жол бергендер жоопкерчиликке тартылышы керек. Азыр калктын саламаттыгы үчүн күрөш жүрүп жатканда, кимдир-бирөөнү аяй турган мезгил эмес. Медиктерге тамак-аш, медициналык жабдуулар, "Тез жардам" унаасын сатып берем деген мекендештерибиз кайрылууда. Республикалык штаб ошол ыктыярчыларыбыздын башын бириктирип, сунушталып жаткан жардамды бюрократия кылбай кабыл алып, кайра элге ыкчам жеткирүү керек. Биздин элде алам дегенден берем дегендер көп экени кубандырат», - деди мамлекет башчысы.
Ал медиктердин айлык акысы өз маалында, үзгүлтүксүз төлөнүп берилүүсү керектигин дагы бир жолу баса белгиледи. Президент күзгү-кышкы мезгилге, сезондук илдеттерге, жер-жерлердеги ооруканаларды жабдууга өз маалында даярдыктарды көрүүгө көңүл бурду.
Жалпы саламаттыкты сактоонун санарип систем маселелерине токтолуп, азыркыдай шартта Саламаттыкты сактоо министрлиги Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети менен биргеликте уюлдук операторлордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен бейтаптарды ыкчам жаткыруу, бардык колл-борборлордун ишмердигин синхрондоштуруу үчүн Бишкектеги ооруканалардын санарип карталарын ыкчамдатууга чакырды.
Мамлекет башчысы республикалык штабды дары-дармектердин рыногунда, бет кап жана коргоочу каражаттардын жетишсиздигин алдын алуу үчүн чараларды көрүүгө жана көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан