UFC уюмунун президенти Дана Уайт: "Бизде Нурмагомедов-Фергюсон беттешин өткөрүүгө 4-5 жер бар"

UFC уюмунун президенти Дана Уайт орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Тони Фергюсондун беттеши сөзсүз түрдө болоорун, бул беттешти өткөрүүгө бир нече жерди даярдап койгондугун "MMAMania" басылмасына берген маегинде билдирген.

"Менде Нурмагомедов-Фергюсон беттешин өткөрүүгө 4-5 жер бар. Биз бул боюнча чечим кабыл алганбыз. Мына, элдин баары качып, жашынып жатышат. Мен болсо бул маселени чечкен адамдардын биримин. Менин оюмча, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү коронавирусту үрөй учурган ооруга айлантып жатышат. Эгер бул оору кийинки жылы чыкса эмне болот? Анда эмне кылыш керек? Адамдар даараткана кагаздарын көп өлчөмдө сатып алып жатышат. Бул абдан таң калычтуу", - деп билдирген UFC президенти.

Маалыматка ылайык, UFC 249 турнирин Нью-Йоркто өткөрүү пландалган. Коронавирус пандемиясынан улам аталган шаарга өзгөчө кырдаал жарыяланып, бул беттешти өткөрүү токтотулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан