Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 562 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 173 адам каза болсо, 8 миң 631 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 621;
Санкт-Петербург шаарында - 295;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 268;
Свердлов облусунда - 263 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 700 миң 792 адамдан коронавирус аныкталды. 10 миң 667 адам каза болсо, 472 миң 511 бейтап айыгып чыкты.